Бишкек, 21.05.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий