• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкек менен Чанша шаарларынын кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. 25-27-октябрда Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров шаарды башкаруу жана экологиялык технологиялар жаатында жумушчу жолугушууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында Кытайдын Чанша шаарында болду.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, сапардын алкагында Азамат Кадыров Чанша шаарынын мэринин орун басары менен жолугушуп, Бишкек жана Чанша шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, таштандыларды туруктуу башкаруу жана шаардык экологиянын сапатын жакшыртуу үчүн акылдуу технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуунун келечегин карашты.

Иш сапардын алкагында Бишкек шаарынан келген делегация учурда кытайлык инвесторлор тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан таштандыларды өрттөөчү заводдун курулушунун айрым маселелерин изилдөө үчүн заманбап таштандыларды өрттөп, электр энергиясын өндүрүүчү заводдун иши менен таанышты. Аны ишке киргизүү 2025-жылга пландалууда.

Завод Кытайдагы алдыңкы ишканалардын бири, анда айлана-чөйрөгө минималдуу таасири менен таштандыларды башкаруунун алдыңкы технологиялар колдонулат.

Делегация мүчөлөрү таштандыларды эффективдүү өрттөө жана шаардын керектөөлөрү үчүн бир убакта электр энергиясын өндүрүүнү камтыган технологиялык процесс менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Белгиленгендей, бул ыкма таштандыларды натыйжалуу утилдештирүүгө гана эмес, жашыл жана туруктуу шаардык чөйрөнү камсыз кылуу менен көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий