Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкек менен Ош шаарларына томолой жетимдер убактылуу жашаганга эки үй курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, былтыртан бери долбоорун даярдап, булактары табылды. Февраль-март айларында эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат.
"Мектептерди аяктаган бүтүрүүчүлөр 18 жашка чыккандан кийин ошол үйлөрдө жашайт. Аларга батирлер акысыз берилбейт. 3-5 жыл жашайбы алар убактылуу жашап турат. Үйлүү-жайлуу болгондо, бошотуп кете берет. Кайра кийинкилери келип жашай бергендей кылып, мамлекеттин эсебинен куруп берүүнү пландаштырып жатабыз", - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий