• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек мэри: Биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен соцобъекттердин курулушуна 3,5 млрд сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Калаа башчысы белгилегендей, кирешелерди көбөйтүү менен Бишкек мэриясы көптөн бери чечилбей келген орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барууда.

Социалдык объектилер курулуп, транспорт көйгөйлөрү чечилип, жол тармагы оңдолуп, кеңейтилип, айлана-чөйрө тазаланып, шаардын архитектурасы түп-тамырынан бери жакшыртылууда.

“Биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен социалдык объекттердин курулушуна 3,5 млрд сом, жолдор менен көпүрөлөрдү курууга 1,6 млрд сом жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү.

Приоритеттүү маселелердин бири социалдык объекттерди куруу болуп эсептелет. Бул маселени чечүүгө финансылык каражат 2023-жылга салыштармалуу эки эсеге көбөйтүлдү”, - деп белгиледи Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий