• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек мэри борбордогу жарнама такталарын алууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең мененки кыдыруу учурунда мэриянын пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысына шаардын айланасындагы бардык жарнама такталарын алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал эми мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жарнама такталарынан LED-экрандарга өтүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүү милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий