• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Бишкек мэри Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек мэриясы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун каржылоо боюнча меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруу боюнча потенциалдуу кызматташуу талкууланды.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин, Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Нурлан Акматов, Стратегиялык долбоорлор дирекциясынын жетекчиси Виктор Лебедев бар.

Эске салсак, Россиянын Сочи шаарында өткөн Евразия конгрессинин’23 ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана ЕӨБнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин Бишкек шаарынын мэриясы менен ЕӨБ ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий