• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэри көчмө жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө мэр орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.

Кыдыруу учурунда ал коомдук мончонун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Борбордук көчөлөрдөгү имараттардын фасадына өзгөчө көңүл бурду. Шаар башчысы ошондой эле имараттарды кеңейтүү көйгөйлөрүн жана жолдорго жанаша бак-дарактарды отургузуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын мэри Абдрахманов көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имаратка көңүл буруп, Сейсмология институтуна аталган объекттин сейсмикалык туруктуулугун экспертизадан өткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Эмилбек Абдыкадыров Айни көчөсүндөгү сейил бакта 10 жылдан ашуун кароосуз калган тосулган аянттын мыйзамдуулугун тактап, ээсин табууга чакырды.

Соңунда мэр шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузган ар кандай тосмолор демонтаждоо иштерин улантууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий