• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек мэри Катар элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Айбек Жунушалиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Айбек Жунушалиев бүгүнкү күндө көптөгөн саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушу аяктап, мэрия тараптан керектүү милдеттерди аткарууга аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле шаар мэри саламаттык сактоо тармагында гана эмес, экономика, инвестиция сыяктуу башка тармактарда да тыгыз кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди.

Өз кезегинде Катар элчиси бул багытта кызматташууга даяр экенин белгиледи.

"10 жыл мурун мен Катардын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде иштегем. Он жылдан кийин бул жерге элчи болуп кайттым. Азыр мен өзүм ошол учур менен азыр болуп жаткан окуяларды салыштырып, чоң өзгөрүүлөргө күбө болом. Бишкекте бийик имараттар пайда болуп, жолдор оңдолуп, сейил бактар курулуп жатат. Бул абдан жакшы фактор. Биз катарлык инвесторлорду тартууга кызыкдарбыз. Бул биздин милдетибиз", - деди Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри.

Айбек Жунушалиев инвестициялык долбоорлор Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сунушталарын баса белгиледи.

"Катардын эли ишкерликте гана эмес, башка көптөгөн нерселерде да абдан жакшы сапатка ээ – бул сөзүнө турган жана аны аягына чейин чыгарган. Биздин долбоорлор дагы ушундай сапатта ишке ашат деп ишенем", - деп жыйынтыктады борбор калаа башчысы.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий