Бишкек мэри Орто-Алыш суу сактагычын текшерди

Коом 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Орто-Алыш суу сактагычындагы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштерди текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалитеттин башчысы иш сапаранын жүрүшүндө жер астындагы суулардын статикалык деңгээлин жогорулатуу үчүн кошумча дамбаларды куруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мэр ошондой эле Камышовое, Тополиное жана Карьердик көлдөрдү жээктердеги ылайдан, таштандылардан жана өсүмдүктөрдөн тазалоо иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, тазаланган көлдөр ысык мезгилде экологиялык туруктуулукту жана статикалык деңгээлди сактоодо маанилүү ролду ойнойт. Бул кадам суунун сапатын гана жакшыртпастан, жайкы сезондо суу берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө да өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына иштин көлөмүн көбөйтүү үчүн скважиналарды тазалоо боюнча жаңы атайын техника, атайын болот түтүктөрү бар чоң кубаттуулуктагы компрессор, ошондой эле телеинспекция үчүн камералар, көчмө жана стационардык деңгээлдегичтер сатып алынды.

Эми скважиналардын техникалык абалын изилдөө жана жер астындагы суулардын статикалык деңгээлине мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Пикир

Оставить комментарий