• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэри Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Бишкек менен Сауд Аравиянын шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, анын ичинде эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды.

Келе жаткан 2024-жылы Бишкек шаары менен Эр-Рияд шаарынын ортосунда кызматташууну түзүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий