• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэри Свердлов районунун башчысына эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Бишкек мэри Свердлов районунун башчысы Кубанычбек Айтакуновго эскертүү берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэрдин тапшырмасы боюнча уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы 24-июлда "Комсомол" көлүндө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча Свердлов администрациясы жүргүзүп жаткан иштерди көзөмөлдөө максатында Каражыгач токоюнун аймагына барды.

Текшерүү учурунда аталган аймакты көрктөндүрүү, тактап айтканда тротуарды, пирсти реконструкциялоо иштери аяктай электиги аныкталды.

Мэр Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакуновго аталган көлдө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгына байланыштуу эскертүү берди.

Борбор калаанын башчысы акимге орун алган мыйзам бузууларды жоюп, кыска мөөнөттө көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча бардык иштерди сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, жарандардын эс алуусун уюштуруу максатында куткаруу кызматынын ишин камсыз кылуу, көлдөгү сууга зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү милдети коюлду.

Эскерте кетсек, ал жерде шаардык кызматтар тарабынан көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, учурдагы скважинаны жана канализация системасын калыбына келтирүү иштер аткарылган.

Белгилей кетсек, бул жасалма көлдүн өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу менен толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий