• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Бишкек мэри Ташкенттин акими менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Ташкенттин акими (хоким) Жахонгир Артыходжаев эки шаардын ортосундагы байланышты чыңдоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаарларды көрктөндүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана катуу таштандыларды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки шаардын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын акимиятынын (хокимияты) ортосунда 2022-2024-жылдарга иш-чаралардын планына кол коюлду.

Мындан тышкары, Бишкек мэри «Технопарк» ЖЧК, «Махсустранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын, «Тошшахартрансхизмат» АК шаардык транспорт башкармалыгынын ишмердиги менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий