Бишкек мэри жол оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдорду капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын башчысы Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкесиндеги оңдоо иштери менен таанышты.

Подрядчы компания бул участоктогу иштерди 2024-жылдын 15-июнуна чейин бүтүрүүгө милдеттенди. Асфальттын биринчи катмары жарым-жартылай төшөлгөн. Белгилей кетсек, подрядчы мөөнөттөн 10 күнгө алдыда.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүндөгү Ахунбаев көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейинки иштердин жүрүшү да текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолдорду сапаттуу оңдоо, дизайн кодун сактоо, интернет-кабелдерди шайкеш келтирүү сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Ошол эле учурда Айбек Жунушалиев чарба субъекттеринин ээлерине милдеттүү түрдө билдирүү зарылдыгын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий