• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Аянттагы баннерлерде Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү

Коом 0

Бишкек, 06.05.23. /Кабар/. Ала-Тоо аянтындагы баннерлерде Советтер Союзунун 75 Баатырынын – Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирет.

"Социалдык түйүндөрдө Ала-Тоо аянтына жалаң европалык улуттагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын сүрөттөрүнүн коюлушу боюнча чагымчыл маалыматтар тарап жатат. Баннерлерде Советтер Союзунун 75 Баатырынын – Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү.

Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын муниципалитети улуттар аралык жаңжалга алып келе турган жалган маалыматтарды таратпоону суранат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий