Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бишкектеги "Асанбай" паркынын аймагында убактылуу бажы зонасын уюштуруу аттракциондорду бажылык тазалоо процессин тездетүү үчүн каралган чара. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттен белгилешкендей, сейил бакта орнотула турган "Колесо обозрения" аттракциону оор болгондуктан, аны жүктөп барып бажыдан өткөрүү татаал жумуш жана көп убакытты талап кылат. Ошондуктан аталган парктын аймагына бажы зонасы орнотулду жана бул процести жеңилдетип, ишти тездедет.
"Асанбай" паркын реконструкциялоо долбооруна ылайык, парктын аймагынын 15 пайыздан ашпаган аянтында гана атайын жабдуулар менен жабдылган стационардык коомдук тамактануу пункттарын орнотуу шарт.
"Асанбай" паркынын башкы планы бул чектөөлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан, бул долбоорду нормаларга жана стандарттарга ылайык ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Муниципалитет коомчулукту адаштырбоого жана маалыматты тастыктоо үчүн мэриянын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий