• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкектеги мектеп жана бала бакчаларда шарттар жакшыртылат

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бишкекте мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун катышуусунда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташуу келишимине кол коюу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, макулдашуунун максаты шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында тамактануунун сапатын, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатында борбордун мэриясынын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары колдоо жана кеңейтүү үчүн тараптардын кызматташуусунун негиздерин түзүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында тамак-ашты оптималдаштыруунун жол картасын, ошондой эле аны ишке ашыруунун планын иштеп чыгууну кошо алганда, тамак-аштын өзгөрүлмө моделдерин натыйжалуу башкаруу үчүн потенциалды өнүктүрүү пландаштырылууда.

Макулдашууда мектептердеги жана бала бакчалардагы ашканаларды жарым-жартылай реконструкциялоо, инфраструктураны, электр энергиясын, канализацияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, жылытуу жана санитария менен камсыз кылуу; мектептердин инновациялык жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, техникалык потенциалын чыңдоо мектептерде жана бала бакчаларда туура тамактанууну камсыз кылуу үчүн оптималдаштырылган меню киргизүү каралган.

Шаардык мектептерге жана бала бакчаларга киргизүү үчүн мектептик жана мектепке чейинки тамак-аштын жаңы туруктуу жана чыгымдык-натыйжалуу моделдери иштелип чыгат.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, анын алкагында бардык пландаштырылган иш-чаралар өз убагында жана сапаттуу аткарылган. Жыйынтыгында 12 билим берүү уюмунда ашканалар оңдолуп, жабдуулары алмаштырылды.

Белгилей кетсек, биргелешкен ишти улантуу максатында жана Бишкек шаарынын мэриясы менен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы жаңы келишимдин алкагында 12 мектеп жана 3 бала бакча аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий