Бишкек мэриясы Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы 72 батирлүү турак үй курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, 9 кабаттуу объектини Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүнө куруу пландалууда.

Курулуштун пландалып жаткан суммасы 156 млн 897 миң 121 сомду түзөт. Сынактык тапшырыкты берүүнүн мөөнөтү 7-сентябрга чейин.

Пикир

Оставить комментарий