• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы көмүрдүн баасын көзөмөлдөөдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Биринчи май акимиаты райондук МАБдар менен биргеликте көмүр сатып жаткан соода түйүндөрүнүн ишин текшерүүдө.

Шаардык мэрия билдиргендей, адаттагыдай эле күз-кыш мезгилинде көмүрдү саткандарга көмүр баасынын жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуу пункттарынын айланасында тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды. Бир кап көмүрдүн (Кара-Кече) баасы 170 сомдон 180 сомго чейин, ал эми бир тонна көмүрдүн баасы 3700-3800 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, калаанын Биринчи май районунун 800дөн ашык тургуну социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан почта бөлүмдөрү аркылуу 5 миң 700 сомдон көмүр сатып алууга акчалай компенсация алышты.

Пикир

Оставить комментарий