• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек мэриясы Казакстандан 1 миң Yutong автобустарын сатып алууну көздөөдө

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Казакстандын Нур-Султан шаарындагы жумушчу сапардын алкагында 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды жана атайын техникаларды сатып алуу ниети боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүрүүчү 1000 Yutong автобустарын сатып алууну көздөөдө.

Меморандумга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, “Өнөр жайды өнүктүрүү фонду” ААК, “KazakhExport” ЭСК АК, “Qaztehna” ЖЧК, “СарыаркаАвтоПром” ЖЧКсы, Камаз- Инженеринг АК , ONAY Pay ТОО кол койду.

Пикир

Оставить комментарий