Бишкек мэриясы Кытайдан 350 даана атайын техника сатып алат

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

Алсак, «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын паркын 350 бирдиктен ашык заманбап атайын техникалар толуктайт.

Белгилей кетсек, каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн.

Бул атайын техника коммуналдык кызматтар үчүн зарыл, анткени техника паркы акыркы жолу 10 жылдан ашык убакыт мурун жаңыланган. Алар ушул күнгө чейин муниципалдык ишканалар тарабынан төлөнүп келген кредиттик негизде сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий