Бишкек мэриясы Кытайдан келген 120 автобусту бөлүштүрдү. Алар 156 маршрутканы алмаштырат

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүрдү. Алар №113, 213 жана 214 маршруттук каттамдардын 156 кичиавтобусун алмаштырат.

Транспорт департаментинен билдиришкендей, жогорудагы аталган үч маршрутка жоюлат. Башкача айтканда, эми алардын ордуна автобустар жүрөт. Ал эми №101 маршруттун кыймылынын схемасы өзгөрөт.

Каттамдары жоюлган маршруткалардын айдоочуларына жаңы конуштарды камтуу менен линиялар сунушталууда.

№35 автобус

№35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№48 автобус

№48 автобустук каттам (Батыш автобекети - Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№38 автобус

№38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 кичирайону – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы 7 минута, шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобус

№42 автобустук каттам (12-кичирайону - Ала-Тоо жаңы конушу) узундугу - 49,6 км, аралыгы 7 минута, шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле № 31, 49, 50 автобустардын кыймылынын жаңы схемалары иштелип чыккан.

№31 автобус

№31 автобус (Ынтымак жаңы конушу - айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 маршруттук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№49 автобус

№49 автобус (Арча - Бешик жаңы конушу – айланма) узундугу 24,2 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№50 автобус

№50 автобус (Рухий–Мурас жаңы конушу - Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда саналган каттамдар үчүн жаңы автобустар пайдаланылат. Ал эми № 7 жана 19 каттамдар үчүн эски автобустар колдонулат.

№19 автобус

№19 автобус (Ак-Ордо жаңы конушу – Кустанай көчөсү) узундугу 34 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

№7 автобус

№7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 кичирайону - Дача Достук) узундугу 40,7 км, аралыгы 7 минута, шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт.

Ошентип, жогоруда аталган маршруттук каттамдар боюнча 157 автобус каттайт. Алардын арасында Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын балансында турган жаңы да, эски да автобустар бар. Кошумча суроолор боюнча 0502 205 202 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий