• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы кызматкерлерге соцтармакта бийликти сындаганга тыюу салган. Кийинчерээк түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы Facebook колдонуучусунун билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Facebook колдонуучусу муниципалдык кызматкерлердин социалдык тармактарды колдонуусуна байланыштуу мэриянын катынын сүрөтүн жарыялаган.

Бишкек мэриясынан белгилешкендей, мэриянын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков кол койгон бул документ сунуштама гана.

Бул сунуштама шаардыктарды адаштыруучу жалган маалыматтарды таратуу фактыларын алдын алуу максатында шаардык кызматтарга маалымат үчүн жөнөтүлгөн.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, муниципалдык кызматкерге жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин эл алдында айыптоого тыюу салынат.

Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, беренеде каралган чектөөлөрдү сактабаса кызматкерге кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Атай Бейшенбек мэриянын кызматкерлерине азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрдү социалдык тармактарда "лайк" басып, бөлүшүүгө тыюу салынганы тууралуу документ жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий