• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Бишкек мэриясы менен Чхонджу мэриясынын ортосундагы түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында Корея Республикасынын Чхонджу шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматташуу боюнча меморандумга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров менен Чхонджу шаарынын мэринин орун басары Шин Бенг Дэ кол коюшту.

Ошондой эле, жолугушууда тараптар эки жактуу шаарлар аралык мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты. Өз кезегинде Азамат Кадыров Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле шаар куруу, транспорт, турак-жай жана курулуш тармагында тажрыйба алмашууда кореялык тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Меморандумдун максаты - Бишкек шаарынын жашоочулары менен Чхонджу шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоо, шаар куруу, экология, инфраструктура, билим берүү жана маданият, экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде туризм, соода жана инвестициялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду тереңдетүү жаатында билим, тажрыйба алмашууну колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Маалымат үчүн: Чхонджу – Түштүк Кореядагы шаар, Кымган системасындагы дарыя жээгинде, Чхунчхон-Пукто провинциясынын административдик борбору. Калкы - 850 миң тургун.

Пикир

Оставить комментарий