• 87
  • 89.77
  • 0.79

Бишкек мэриясы менен ЕӨБ шаарды өнүктүрүү жаатында кызматташат

Коом 0

Сочи, 09.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин "мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин колдонуу менен "Бишкек-2026. Жакшы сакталган жана жашыл борбор" шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" меморандумга кол коюшту.

Документке Сочи шаарында өтүп жаткан Евразия конгрессинин алкагында кол коюлду.

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, кол коюлган меморандум дүйнөлүк заманбап чакырыктарга жооп берген инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү максатында келечектүү жана узак мөөнөттүү кызматташуунун башаты болуп калмакчы.

ЕӨБдүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан таштандыны кайра иштетүү комлексин куруу долбоору муниципалдык бийликке Бишкек шаарынын көп жылдык маанилүү көйгөйүн чечүүгө, таштандыларды башкаруунун жаңы тартибин түзүүгө жана бекитүүгө, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоонун эскирген моделинен этап-этабы менен кайра иштетүүнүн жаңы прогрессивдүү ыкмасына өтүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, кол коюунун жүрүшүндө тараптар долбоорлорду даярдоо, долбоорго чейинки документтерди даярдоону каржылоо, анын ичинде катуу калдыктарды башкаруу секторунда МЖӨ боюнча мыкты тажрыйбаларды ишке ашырууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий