• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек мэриясы: Мушташка катышкан айдоочуларга сөгүш жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы №199 маршруттук каттам менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр тууралуу комментарий берди.

Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлдү. Комиссиянын чечимине ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына жана борт номери 1704 троллейбусунун айдоочусу Канатбек уулу Максатка сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды.

"БайШамТранс" ЖЧК - жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу У. Медетбековго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле, ташуучу компанияга жана троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине айдоочулардын курамы менен жүргүнчүлөрдү маданий тейлөө жана транспорттук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий