• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек мэриясы шаар борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу доо арызын чакыртып алат

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар борборунда митинг жана чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу доо арызын чакыртып алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык муниципалитетинин аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, митингдерге сот аркылуу тыюу салуу чечимди шаар мэри Азиз Суракматов өзү кабыл алган.

"Бул чечим коронавирустун алдын алуу жана борбор калаадагы абалды турукташтыруу максатында кабыл алынган. Ал чечим КР өкмөтүнүн же башка органдардын чечими менен байланыштуу болгон эмес. Бул маселе коомдо талаш жаратты: бири митингдерге тыюу салууну кааласа, башкалар КР Конституциясынын нормаларынын сакталышын каалашат. Бул маселени КР Конституциясына ылайык чечүү максатында бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы доо арызын чакыртып алууну чечти", - деп белгилейт ал.

Түлөбаев билдиргендей, борбор калаада туруксуз кырдаал же вирустук эпидемия чыккан учурда Бишкек мэриясы бул маселе боюнча сотко кайрылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий