Бишкек мэриясы: Шаардагы башаламандыкка жана талап-тоноочулукка жол бербейбиз

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарында башаламандыкка, талап-тоноочулукка жана кырдаалды курчутууга жол бербейбиз, - деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муниципалитеттин бардык түзүмдүк ишканалары кадимдей иштеп жатат.

"Урматтуу бизнес өкүлдөрү жана жеке ишкерлер! Өтүнүч, тынчтыкты жана сабырдуулукту сактаңыздар. Бишкек шаарындагы кырдаалды курчутууга аракет кылгандарды тынчтыкка үндөөгө чакырабыз. Биримдиктин арты менен гана биз шаарыбызды башаламан күчтөрдөн коргой алабыз. Биз тынчтык жана туруктуулук өкүм сүргөн шаарда жашагыбыз келет. Биз жетишкендиктерибизди көбөйтүп, баш калаабызды өркүндөтүүнү уланткыбыз келет", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды мыйзамсыз жана күмөндүү акцияларга катышпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий