• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаардыктарды жашылдандыруу ишине салым кошууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине салым кошууга жана көчөт отургузууга катышууга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар көчөттөрдү өз алдынча, ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Профессор Зима көчөсү, 82 дарегиндеги питомниктен сатып ала алышат.

Мэриядан белгилешкендей, көчөттөрдү кайсы жерге отургузууну 0312 37-53-30, 0701 321 014 номерлерине чалып билүүгө болот.

Ал эми «Бишкекжашылкурулуштун» агрономдору Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы "Ботаникалык бакча" илимий-изилдөө институтунун адистери менен биргеликте Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн бак-дарактардын түрү катары карагай, гледичия, эмен, клен, липа, терек сыяктуу жашыл көчөттөрдү отургузууну сунуштайт.

Жаз - жылуу жана мелүүн климаты бар аймактарда бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу үчүн эң жакшы мезгил.

Жазгы отургузуу бир катар артыкчылыктарга ээ:
- кышка чейин бак-дарактардын жана бадалдардын тамыр жайып, жерге көнүшү үчүн жетиштүү убакыт бар;
- топурак жакшы жылытылган;
- көчөттөрдүн тоңуп калуу коркунучу жок;
- жер кыртышында ным жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий