Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы шашылыш түрдө 100 автобус сатып алуу үчүн арыздарды кабыл алууда.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, автобусту сатып алуунун биринчи этабында жүргүнчү ташуучу 100 бирдик алуу каралган. Экинчи этапта дагы 100 автобус алуу пландалууда.
“Кызыкдар тараптар bpatp@meria.kg электрондук почтага кайрыла алат. Арыздар 22-июнь саат 23:00гө чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий