Бишкек, 07.07.20 /Кабар/. Бир сутка ичинде 118 ыкчам номуруна 6 миң 687 кайрылуу түшкөн, анын ичинен 317ү COVID-19га шек саналган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, негизинен медициналык кеп-кеңеш сурап шаар тургундары кайрылган - 4 миң 316 чалуу.
«Медициналык кызматкерлерден турган 40 киши 24 саат бою кайрылгандарга кеңеш берүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий