• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек мэриясы тарабынан санитардык талаптарды сактабаган 547 ишканага протокол түзүлдү - вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы тарабынан санитардык талаптарды сактабаган 547 ишканага протокол түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, мобилдик топтор тарабынан күн сайын базар, соода түйүн, коомдук транспорт, дүкөн жана сулуулук салондордо санитардык нормалардын сакталышы текшерилүүдө.

“11-майдан тарта мобилдик топтор 4 миң 435 объектти текшерип, жалпы суммасы 1 млн 253 миң 500 сомду түзгөн 547 протокол түзүлдү. Кырдаалды туура түшүнүп, көпчүлүк субъекттер санитардык талаптарды аткарууда”, - дейт ал.

Кузнецова шаарда спорттук, майрамдык жана башка иш-чараларга уруксат бериле электигин айтат.

Белгилей кетсек, 4-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1899 учур катталды. Алардын ичинен 372си медицина кызматкери. Илдеттен 1292 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий