• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү “Тулпар” картасын активдүү колдонууга чакырат

Маек 0

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү “Тулпар” картасын активдүү колдонууга чакырып, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өтүү керектигин айтты. Бүгүнкү күндө борбор калаада жүргүнчүлөрдү 1500 автобус тейлейт. Мэрия 20 сомдон накталай төлөгөн акчалар автобазанын эсебине толук түшпөй жатканын белгилеп, эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын мүрзөсүнө айланарын кошумчалады. “Кабар” агенттиги муниципалитетке кайрылып, транспорт маселеси боюнча бир катар суроолорго жооп алды.

Учурда "Тулпар" картасын колдонгондордун саны канчага жетти?

Долбоор ишке киргизилгенден бери көк түстөгү 500 миң стандарттык карта сатылды. Анын ичинен 60 миңдей карта активдүү колдонулууда. Мындан тышкары, 80 миңдей карта жеңилдетилген категорияларга, 30 миң карта окуучуларга берилди.

Жүргүнчүлөрдү ташуудан күнүгө канча каражат түшүп жатат?

2024-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча, накталай жана накталай эмес төлөмдөрдөн күнүнө 11 миллиондон ашуун сом түштү.

Эмне үчүн каражаттар толук түшпөй жатат?

Анткени кээ бир абийирсиз кызматкерлер накталай төлөмдөрдөн түшкөн каражаттарды өзүнө ыйгарып алгандыктан акча толук көлөмдө түшпөй жатат. Ошондой эле каражат жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөрдүн айынан да толук чогулбай калууда.

— ⁠Коомдук транспорт эскирген сайын көп акча коротулабы?

Транспорт эксплуатацияга берилгенден тартып оңдоп-түзөөгө муктаждык жаралат. Мисалы, дөңгөлөктөр эскирет, унаанын моторунун майын алмаштыруу зарыл. Автобус токтоп турганда чыгаша жок, алар качан гана каттамга чыга баштаганда чыгашалар көбөйө баштайт.

— Айына коомдук транспорттун ремонт иштерине канча каражат сарпталат?

Ай сайын каттамга чыгып жаткан транспортторго 7 млн 568 миң сом коротулат.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги.

Пикир

Оставить комментарий