• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Отун-энергетикалык комплекси жылытуу мезгилинин башталышына даяр – Мэрия

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр.

Муниципапилеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда шаардагы турак-жайларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.

Эске салсак, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн башталышы керек. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук бериле баштайт.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин болжолдуу маалыматы боюнча жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт.

Пикир

Оставить комментарий