• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жер пайдаланууну контроолдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Мусаев Уран Мирбекович Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорлугуна которулду.

Ошондой эле Бекбоев Бакытберди Нурланбекович «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий