• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек мэриясында коллегия өттү. Эмне талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жыйындар залында коллегиянын жыйыны болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер, ошондой эле борбор калаанын билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгы талкууланды.

Шаардык саясатты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тимур Рыспаев 2024-жылдын январь-июнь айларында Бишкек шаары экономикалык өсүштүн оң көрсөткүчүнө жетишкендигин баса белгиледи.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин иш жүзүндөгү түшүүсү 16 019,6 млн сомду түздү.

Ал эми салыктын түшүүсү 7667,9 млн сомду түздү. Салыктык эмес кирешелер 1342,5 млн сом.

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын 2024-2025-жаңы окуу жылына даярдыгы тууралуу мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева айтып берди.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык билим берүү системасынын түзүмү 238 билим берүү уюмун камтыйт, анын ичинен 121 жалпы билим берүү уюму, 111 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 6 балдар чыгармачылык борбору бар.

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы (ААР эске албаганда) долбоордук кубаттуулугу 89 893 окуучу орунду (эки сменада 179 786 орун) түзгөн 103 жалпы билим берүү уюмунда 197 872 окуучу билим алды.

2024-2025-окуу жылына карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан 1-класска электрондук каттоого 21 850 (ААР эске алуу менен) квота берилген. Азыркы учурда 17 262 бала электрондук каттоодон өтүп, 3 094 бош орун бар.

Долбоордук кубаттуулугу 17 735 баланы түзгөн 111 мектепке чейинки билим берүү уюмунда уктоочу бөлмөлөрдүн багытын өзгөртүүнү эске алып, жылдырма керебеттерди пайдалануу менен 31 265 бала тарбияланууда. Азыркы учурда электрондук каттоодо 35 557 бала турат.

Балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын көбөйтүү жана 2024-жылдын 10-майындагы № 229 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 2-июлундагы № 158 Бишкек шаарынын мэриясынын тескемеси менен «Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын көбөйтүү боюнча чаралар» программасын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, 2024-2026-жылдарга иш-чаралар планы бекитилген.

Жогоруда аталган программанын алкагында 10 мектепке чейинки билим берүү уюмун кайра түзүү боюнча иштер башталды, балдардын санын 2 420 балага көбөйтүү пландалууда.

2023-2024-окуу жылында 3 мектепке чейинки билим берүү уюмунда (1 иштеп жаткан жана 2 жаңы ачылган) долбоордун алкагында жылдырма керебеттер орнотулуп, балдардын саны 694кө көбөйтүлгөн.

2024-жылдын аягына чейин дагы 8 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун жана № 8 мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча корпусту ачуу пландаштырылылууда, кайра түзүүнүн алкагында балдардын санын 3 820 балага көбөйтүү күтүлүүдө.

Жалпы 2024-жылы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын санын 6 240 орунга көбөйтүү пландаштырылган.

Мындан тышкары, борбор калаанын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Чолпонбаев курулуш, оңдоп-түзөө иштери, билим берүү уюмдарынын окуу жылына даярдыгы боюнча баяндама жасады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү жетекчилерге төмөнкүлөр тапшырылды:
- окуу жылы башталганга чейин билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо, ошондой эле оңдоо иштерин бүтүрүү;
- борбордогу бош турган муниципалдык аймактарды ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- билим берүү уюмдарынын жанында жол белгилерин коюуну жана жол белгилерин орнотууну көзөмөлгө алуу;
- көчөлөрдүн аталыштарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү;
- үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүү.

Пикир

Оставить комментарий