Бишкек мэриясында Кытай делегациясы менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Чжэцзян провинциясынын Туруктуу комитетинин мүчөсү, Чжэцзян провинциясынын Туруктуу комитетинин катчылыгынын башчысы Цю Цивень менен жолугушту.

Тараптар акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелерин белгилеп, атап айтканда, эки өлкөнүн лидерлеринин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгы түзүлүп, анын ичинде шаарлар аралык байланыштар жигердүү бекемделип жана кеңейтилип жатканын баса белгилешти.

Мирланбек Байгончоков ар кандай инфраструктуралык чөйрөлөрдө шаарлар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде Цю Цивэнь эки мамлекеттин башчылары жетишилген макулдашууну ишке ашыруу үчүн Бишкек шаары менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле экономика, соода, туризм маданияты жана башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууга ачык экенин белгилешти.

Биринчи орун басар Бишкек борбор калаадагы жол тыгынын чечүү үчүн Ханчжоу шаарынын адистеринин тажрыйба жана билим алмашуусуна, “Жашыл тоолор, зымырыт суу – чексиз байлык” концепциясын ишке ашырууда КЭРдин тажрыйбасын изилдөөгө даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий