Бишкек мэриясында пландык кеңешме өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында 25-майда борбор калаанын мектептеринде болуп өткөн иш-чаралар талкууланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору белгилегендей, акыркы коңгуроо учурунда мыйзам бузган олуттуу окуялар катталган жок.

Укук коргоо кызматкерлери, райондук администрациялардын, райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда иш-чараларды өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө оюн-зоок жайларында бүтүрүүчүлөр аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу жайлардын директорлоруна тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошондой эле жыйында жер мунапысы боюнча борбор калаанын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директорунун маалыматы угулду. Айбек Жунушалиев бул маселеге тез арада чекит коюп, кызыл китептерди даярдоону аягына чыгарууну тапшырды.

Мындан тышкары, бардык насостук станцияларды оңдоп-түзөө, тазалоо жана сууга түшүү сезонун ачууга даярдык көрүү тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы арыктарды оңдоо жана жаңысын орнотуу маселеси да көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий