• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкек мэриясында шайлоо тилкелеринин даярдыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында 2024-жылдын 17-ноябрында пландаштырылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров, төрт райондун акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери жана башкалар катышты.

Бахадыр Коңуров участкалык шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, административдик ресурстарды пайдалануу жөнүндө эскертти.

16-18-ноябрда УШК жайгашкан бала бакчаларда жана мектептерде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн сабактар онлайн форматта өткөрүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы УШКлар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берерин белгиледи.

Мэр УШКларды материалдык-техникалык жактан, анын ичинде мамлекеттик символикалар, генераторлор жана башкалар менен камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы акимиаттарга жана шаардык кызматтарга материалдык-техникалык камсыздоо үчүн кошумча акча каражатын бөлүү тапшырылды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасына урналарды орнотуу жана участкалык шайлоо комиссияларынын айланасын таза кармоо, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасына бактардын абалын көзөмөлдөө, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жол белгилерин жаңылоо тапшырылды.

Айбек Жунушалиев район жетекчилерине жана башчыларына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө КР мыйзамдарын так сактоону эскертти.

Пикир

Оставить комментарий