Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынынн “185” колл-борборунун ыкчам жооп берүү кызматы убактылуу иштебейт.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, өчүрүү «Мегалайн» системасынын иштебегендигине байланыштуу болууда.
"Калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда Бишкек шаардык мэриясынын колл-борборуна 0 (312) 591802, 0 (312) 591805 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий