• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Сагынбаев Канат Латипжанович ротация менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин ал президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Бишкек шаарынын мэриясынын азыркы аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий