• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек мэриясы көчөдөн бөтөлкө чогулткан 5 жашар бала тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы көчөдөн бөтөлкө чогулткан 5 жашар бала тууралуу түшүндүрмө берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган окуя боюнча маалымат түшкөн соң, Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан бала Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашары аныкталган.

Андан соң, башкармалыктын кызматкерлери Биринчи май райондук милициясынын балдар иштери боюнча инспектору менен биргеликте сапар уюштуруп, анын алкагында аталган даректе Өзбекстан жарандары жашай тургандыгы белгилүү болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.

Мэриядан белгилешкендей, Өзбекстандын жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Өзбекстандын консулдугуна маалымат берүү үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий