• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 653 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 653 арыз жана кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

“Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан 5-июлуна чейин мэриянын колл-борборуна калаа тургундарынан 653 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. 190 кайрылуу катталган”, - деп айтылат маалыматта.

Катталган кайрылуулардын жана арыздардын ичинен 137 кайрылуу аткарылды.

Калаа тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзө алышат жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жиберсе болот.

Пикир

Оставить комментарий