Бишкек мэриясынын түзүмүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

КР президентинин “КР президентинин администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын алмаштырган мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык, КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын экспертизалоо бөлүмүнүн эксперттик кызмат ордунан ротациялоо тартибинде Осмоналиев Жээнбек Чыныбекович Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий