Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
- 1973-жылы туулган К.Р. (Бишкек шаарынын тургуну);
- 1942-жылы туулган Ш.Т. (Нарын облусунун, Кочкор районунун тургуну);
- 1969-жылы туулган Ш.М. (Бишкек шаарынын тургуну);
- 1997-жылы туулган М.у.К. (Бишкек шаарынын тургуну).
Эске сала кетсек, кечээ, 11-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Унаанын ичиндеги төрт адамдын сөөгү табылган.
Пикир
Оставить комментарий