• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Аймак 0


Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кечээ, 16-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа каттамынын 302-303-чакырымдарына кар көчкү түштү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшкөн кар көчкүсү түнкү саат 00:30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бирок айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилип, адамдардын коопсуздугу үчүн жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.

“Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий