• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда сасык тумоонун жогорку көрсөткүчү белгиленди

Ден соолук 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саныны төмөндөөсү уланууда.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 5 миң 449 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 19,2% аз.

Ооругандардын ичинен 66,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1746 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,8%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,3%, парагрипп 17,3% жана башка вирустар 24,6% түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды, и.к.173,0; 138,8 жана 124,0 түздү.

Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпидкырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий