Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Бишкек – Ош трассасы ачык, унаалар кадимки тартипте жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош автоунаа жолунда эч кандай тоскоолдуктар жок.
"Учурда ЖМКларга тургундардан Бишкек – Ош жолунун жабылышы туурасында чалуулар болууда. Бул кайрылуулардын баары негизсиз, тынчсызданууга себеп жок", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий