ӨКМ: Бишкек – Ош трассасындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бишкек – Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун 132-135 жана 198-255-чакырымындарындагы кар көчкүлөр түшүрүлмөкчү.

Мындай чара жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий