Бишкек-Ош унаа жолу саат 18:00 тарта жабылат

Коом 0

Бишкек. 30.03.19 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолу аба-ырайынын кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу саат 18:00 тарта жабылат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолу “Сосновка” постунан, Өтмөк (Талды Булак) ашуусунан саат 18.00 31-марттын саат 06:00 чейин жабылат. Ал эми “Арал” постунан 19.00 31-марттын саат 6.00 чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат.

Бул иш-чара Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба-ырайынын натыйжасындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу болууда.

Андыктан, Бишкек-Ош унаа жолунун убактылуу жабылышына түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз.

Бишкек-Ош жолунда мезгил мезгили менен туман болууда, жана кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралууда.

Ал эми “Сосновка”, “Арал” постторунда ӨКМ тарабынан жылынуучу жана ысык-тамак берилүүчү жайлар уюштурулган. Андыктан, аталган себептерден улам сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз. Маалымат алуу үчүн 112 кызматына байланышыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий