Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көчкүдөн 5 жеңил унаа чыгарылды, жабыркагандар жок.
Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Транспорт министрлиги Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулуп, жолчулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий